Гульнур Сатылганова Санат ыры минус

00:00 / 03:45
Loading
Скачать
0
7040
Тональность
0.0
+
Темп, %
0.0
+
Тип: ориг
Тональность:
A  
Свойства файла: 4,2 Мб 160 кбит/с
Загружено: kflkourftdly @ 29.04.16
Текст песни «Санат ыры»
  
Адам болуп жаралып дүйнөгө бир келген конокпуз,
Кадырлашып калалык бүгүн конок эртең жомокпуз.
Кезекти кур кетирбей тилегиңе жаркын үмүт кош,
Кейисең да кечинде эртең менен күндү күлүп тос.
Күмүш күндөр миң, бирок досум түшүнгүн,
Эң кымбатың эртең эмес ушул күн.

Кайырма:

Элиңе жүрөктү арнап салгын,
Телегей тең болуп ардакталгын.
Сездиңби шашылат өмүр шамалдай,
Мезгилди учурбай кармап калгын.

Өмүр бою өчүрбөй жүрөгүңдү жандыр сүйүүгө,
Өткөн ишке өкүнбөй кубанычты чакыр үйүңө.
Көңүл эзген муң жаман көзүбүздөн кээде жаш тамып,
Бузулса да бул заман адам бойдон калгын сакталып.
Тагдыр ушу деп таарынганың бекер кеп,
Талпына бер максатыңа жетем деп.

Кайырма:

Элиңе жүрөктү арнап салгын,
Телегей тең болуп ардакталгын.
Сездиңби шашылат өмүр шамалдай,
Мезгилди учурбай кармап калгын.
Текст добавлен: Улан Сейдалиев
Добавлять комментарии могут только зарегистрированные пользователи.