Мирлан Баеков Каниет ыры минус

00:00 / 03:39
Loading
Скачать
0
400
Тональность
0.0
+
Темп, %
0.0
+
Свойства файла: 8,3 Мб 320 кбит/с
Загружено: Медетбек Абакиров @ 09.01.22
Текст песни «Каниет ыры»
  
Өмүр менен жашымды,
Арнаймын деп
мен элге.
Мен да жүрөм
мекендин,
Эң керектүү жеринде.
Өтүп жаткан өмүрдү,
Токтотууга ал кайда?
Ага болгон кумарым,
Жашарткандай ал кайра.

Түйшүктөнүп кайра эле,
Түбү бүтпөс санаамдын.
Ошон үчүн тирүүмүн,
Ошон үчүн адаммын.
Ошон үчүн адаммын.
Мен өмүрдүн четинен,
Кетилгенин сезгенде.
Мазем кетип жанымды,
Батыра албайм
эч жерге...
Батыра албайм
эч жерге...

Күндөр жылат агылып,
Жамгыр төгүп өткөндөй.
Жашай албай сагынып,
Жазды күткөн көктөмдөй.
Эмне мынча тызылдап,
Калуучудай кечигип?
Ал ансайын четинен,
Өмүр барат кетилип.

Түйшүктөнүп кайра эле,
Түбү бүтпөс санаамдын.
Ошон үчүн тирүүмүн,
Ошон үчүн адаммын.
Ошон үчүн адаммын.
Өнүп чыккан
гүл көрдүм,
Басып өткөн изимден.
Муңум тарап көңүлдөн,
Топук кылам ичимден.

Топук кылам ичимден.
Мен өмүрдүн четинен,
Кетилгенин сезгенде.
Мазем кетип жанымды,
Батыра албайм
эч жерге...
Батыра албайм
эч жерге...
Текст добавлен: Медетбек Абакиров
Добавлять комментарии могут только зарегистрированные пользователи.