Карап турсам элесиңди сүрөттөн,
Эске түшөт көлдүн жээги гүл өскөн.
Эсиңдеби, кечиндеги сырдашуу,
Сууруп чыгып таттуу сөздү жүрөктөн?
Жүрөгүмдү сүйүү турса чыдатпай,
Жүзүң жанат балбылдаган чырактай.
Суктандырдың, суусаттырдың кайрадан,
Эзелтеден бирге жүргөн ынактай.
Сансыз жылдыз бизди гана карашып,
Мени сенден, сени менден талашып.
Көпкө жүрдүк, ойноп-күлдүк, жаркыдык,
Кеткичекти аппак болуп таң атып.
Бирок мезгил өткөн сайын нарылап,
Тетир карап, буруласың ар убак.
Азап тартып, арман күчөп жүрөгүм,
Үмүт менен жүрөгүмдү дарылап.