Эдил Маматов Жол минус

00:00 / 04:09
Loading
Скачать
0
100
Тональность
0.0
+
Темп, %
0.0
+
Тип: нейро-минус (нейромастер)
Свойства файла: 3,8 Мб 128 кбит/с
Загружено: sherbet @ 29.08.22
временный
Текст песни «Жол»
  
Бир жол бар айыл четинде,
Көргөндөрдүн эсинде.
Кербендер өтчү төө менен,
Эмнегедир кечинде.
аи-и-и-и
оу-у-у-у
Эмнегедир кечинде. 

Чөп ташыган араба,
Тай, торпок минип бала да.
Ак жол менен барышкан,
Айылдыктар калаага.
аи-и-и-и
оу-у-у-у
Айылдыктар калаага. 

Кырк чоросун башкарып,
Аккуласын аттанып.
Өткөн экен эр Манас,
Душманынан такталып.
аи-и-и-и
оу-у-у-у
Душманынан такталып. 

Эсепсиз эл жыйылып,
Эрсинген душман кырылып.
Ушул жолдон өтүпүр,
Эр Семетей тыныгып.
аи-и-и-и
оу-у-у-у
Эр Семетей тыныгып.

Тоо таштарга жашынып,
Комтолу мылтык асынып.
Өткөн экен Кожожаш,
Сур эчкини качырып.
аи-и-и-и
оу-у-у-у
Сур эчкини качырып.


Падышага кагылып,
Колуна кишен салынып.
Комузун чертип мунайып,
Токтогул өттү зарыгып.
аи-и-и-и
оу-у-у-у
Токтогул өттү зарыгып.

Чоң эне, кимдер өтпдү,
Санасам эсеп жетпеди.
Согуштун кыйын жылында,
Эсимде атам кеткени.
аи-и-и-и
оу-у-у-у
Эсимде атам кеткени.

Куугум талаш болгондо,
Биз да чыгабыз ал жолго.
Жакындап бардым мен дагы,
Өткөндөр түштү ойлорго.
аи-и-и-и
оу-у-у-у
Өткөндөр түштү ойлорго.
Текст добавлен: sherbet
Добавлять комментарии могут только зарегистрированные пользователи.