Ажарыңа арбалып дидарыңа зарланып
Муңканып ыр ырдадым булбул кушка
айланып
Кыйноо салган кылыгың кызгалдактай
буралып
Күн кечке созом обон күкүк болуп үн
салып
Үн салып оой
Үн салып эээй
Үн салып
Айыбы жок жаралган ажайып көркөмуңө
Ашыгып ыр арнаймын асыл кечим өзүңө
Өчпөс болуп жанасың өрт сымал жүрөгүмдө
Өзүң гана болсоң дейм өмүрлөшүм өмүрдө
Өмүрдө оой
Өмүрдө ээй
Өмүрдө
Миң сулуунун ичинен бир өзүңдү каалаймын
Туткуну болдум эркем тушалган бул
жагдайдын
Бир өзүңдү ойлоймун бир өзүңдү самаймын
Тагдырга башымды ийип тартып сен деп убайым
Убайым оой
Убайым ээй
Убайым
Алдымдан чыга калсаң ай сымал түндө
жаркып
Арзуум күчөп ансайын алоолойт сага тартып
Күлмүңдөп чыга келсең күндөй жаркып
таңдагы
Суусатат бүткөн боюң сулуулугуң андагы
Андагы оой
Андагы ээй
Андагы
Карааныңа зар болуп кайгырсам кубансам да
Мен жалгыз өзүңдү эңсейм келсең деп кучагыма
Сагынтасың күн сайын саргайтып сар санаада
Арманга тумчуктурбай алганым болчу жанымда
Жанымда оой
Жанымда ээй
Жанымда