Биз бир чечимди кабыл алып
Сен уза менден жолуң алыс
Мен каалар элем бар кечикпей
Тап жүрөгүңө шерик жанды
Күнөөлөбө ыраазы бол тагдырга жазган
Эч ким аны каалагандай өзгөртө албас
Коё бер өзүңдү да мени дагы эми кыйнабай
Кантем анан кантип жүрөм кантип ыйлабайм
Жүк болбойун ташта мени башка ойлобо
Кылчайба кет кете бер суранаарым артың караба
Сен кыя албай турганыңды
Мен көздөрүңдөн туям баарын
Сен биз экөөлөп чоогу өткөргөн
Аз ал күндөргө бол ыраазы
Көрбөптүрмүн мейли көздөн далай жаш аксын
Сүйүп туруп коштошкондон өткөн азапты
Коё бер өзүңдү да мени дагы эми кыйнабай
Кантем анан кантип жүрөм кантип ыйлабайм
Жүк болбойун ташта мени башка ойлобо
Кылчайба кет кете бер суранаарым артың караба