Жылуулук дүйнө сендеги
Жүрөктүн кылын термеди
Сүйүүнү кайдан сезмекмин
Э-ээ-ээй
Сүйбөсөм эгер ²
Сүйбөсөмгер мен сени
Көркүңө жоктой теңдеши
Көңүлдүн сүйгөн эркеси
Бакытты кайдан сезмекмин
Э-ээ-ээй
Байкабай калсам ²
Байкабай калсам мен сени
Жүрөктүн сезбей арзуусун
Турмуштун баспай ашуусун
Өтмөкмүн сени көрбөсөм
Э-ээ-ээй
Өмүрдүн сезбей ²
Өмүрдүн сезбей таттуусун
Өтмөкмүн сени көрбөсөм
Э-ээ-эээй,
Өмүрдүн сезбей ²
Өмүрдүн сезбей таттуусун